Телеалпаруучу Н.Айтбекованы тамашага салуу боюнча козголгон иш кайра тергөөгө жиберилди

Назира Айтбекованы тамашага салуу боюнча козголгон кылмыш иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү. Аталган ишти карап жаткан Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Нурбек Эсеналиев тергөө тарабынан кетирилген бир нече кылмыш-процессуалдык мүчүлүштүктөрдөн улам ишти кайра тергөөгө жиберүү чечимин кабыл алды. Ишти кайра тергөөгө жиберүү өтүнүчү менен сот процессинин жүрүшүндө айыпталуучу Б.Сатылганованын жактоочусу А.Авазбеков кайрылган эле. 

Соттун чечимине макул эмес тарап 10 күндүн ичинде доо арыз менен жогорку инстанцияга кайрылышы керек. Азырынча тараптардын эч бири доо арыз менен кайрылар-кайрылбас ниетин билдиришкен жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан