Бир аптанын ичинде Кыргызстанга чет өлкөдөн 10 ирет гуманитардык жардам келген. Бул тууралуу КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, 11-марттан 15-мартка чейин 122 миллион 488 миң 969 сомдук гуманитардык жардам келген. Жардам катары спорт шаймандары, балдардын бут кийимдери, дары-дармектер, кант кызылчасынын аргындаштырылган уруктары жана башкалар берилген. Эскерте кетсек, Социалдык өнүктүрүү министрлиги бул гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүп, алардын максатка ылайык колдонулушун көзөмөлдөйт.