Алмазбек Атамбаев: "Өлкөдө улутчулдукка жамынып алып акча жасаган адамдар бар"

"Шовинизмди карманбайбыз, мамлекеттик тилди билүү керек",- деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-мартта Коргоо кеңешинин жыйынында. Айтымында, Кыргызстанда улутчулдук жана шовинизм менен алектенип акча жасаган адамдар бар. Бардык көйгөйдүн жообу бар, кимдир бирөөлөр ушул үчүн пайда табат. "Кыргызстанда мындан ары мезгил-мезгили менен мындай окуялардын кайталанышына жол берилбейт. Биз мыйзам менен жашайбыз. Эгер негизги маселелерге ушундай мамиле болуп жатса, өлкөдө кандай туруктуулук болушу мүмкүн? Орусияда ар бир кыргызстандык жаран ишке орношуу үчүн тарых жана орус тилинен сынак тапшырат. Орус тилине дагы көңүл бурабыз",- деди президент. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан