Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы
ӨКМнын
Тоо кырсыгынан сактоо кызматынын башчысы О.Г.А. аттуу жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет. Аталган жаран кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренесинин негизинде айыпталууда. Тактап айтканда, ал 2012-жылдын сентябрь айында аталган кызматтын штаттык түзүмүн мыйзамсыз түрдө өзгөртүп, катардагы куткаруучу адистерди иштен кетирүүгө мажбурлаган.
Аталган факты боюнча Баткен гарнизондук аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголду.