Түп районунун Балбай айылында 225 балага ылайыкталган мектеп ачылды

Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Балбай айылында 225 балага ылайыкташкан Зина Мамбетсеитова атындагы мектеп ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2013-жылы мектептин эски имараты пайдаланууга жараксыз деп табылып, республикалык бюджеттин эсебинен жаңы имараттын курулушу башталган. Ага 16 миллион сом бөлүнүп, жаңы мектеп 2016-жылдын 4-январь күнү толугу менен бүткөрүлдү.
Жаңы имарат курулуп жатканда окуучулар эски мектептин жарактуу бөлүгүндө 3 смена менен окуп келишкен. Учурда мектепте 400 бала кыргыз жана орус тилинде билим алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан