Жалал-Абаддан Бишкекке ата-энесинен качкан кыз: “Өгөй атам менен апам мени кичинекей кезимден бери сабап келишкен”

29-январда эртең менен 17 жаштагы Назбийке аттуу кыз Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарынан Бишкекке качып келгени белгилүү болгон. Ал Бишкектеги тааныш адамдарына барып жардам сураган. Алар Назбийкенин ыйлата турган окуясын угушуп, денесиндеги көк алаларды көрүшүп, ага жардам көрсөтүү үчүн SUPER.KG порталына кайрылышкан.

"Бул кыздын биздикине экинчи жолу качып келиши. Биринчисинде ата-энеси келип, аны алып кетишкен болчу. Ата-эне деген жоголгон баласын өпкүлөп, кучактайт эмеспи. Ал эми Назбийкеге ата-энеси тарабынан мындай мээримди көрө алган жокпуз. Мындай нерсеге көз жумуп коё албайт экенсиң. Көрүп зээниң кейийт. Ошого экинчи жолу бизге качып келгенде көк аласын көрүп, жөн тура алган жокпуз. Колубуздан келишинче жардам берели деп чечтик. Биз үчүн Назбийке бир тууган карындаштай болуп калды",- дешти алар.

17 жаштагы Назбийке SUPER.KG’ге берген маегинде кичинекей кезинен бери ата-энеси тарабынан кордук көрүп келе жатканын айтып берди.

“Өгөй атам менен апамдын төрт баласы бар: эки эжем, мен жана иним. Улуу эжем экөөбүз апабыздын кыздарыбыз, ортончу эжем өгөй атамдын кызы, инимди болсо багып алганбыз. Ортончу эжем бизди башынан эле жек көрүп, ар кандай шылтоо менен ур-токмокко алчу. Өгөй атам менен апам ага болушуп, бизди андан бетер урушчу. Улуу эжем турмушка чыгып, учурда күйөөсү менен жашайт. Мен жалгыз калып, ата-энем жана ортончу эжем тарабынан зомбулук көрүп келем”,- деди жабырлануучу.

“Бир ай мурун үйдө ур-токмок жеп, чыдабай кетип Бишкекке биринчи жолу качкам. Апам аркамдан келип, милициялардын көзүнчө мени кучактап “кызым” деп кабыл алган. Бирок эч ким жокто сабап, чачымдан сүйрөгөн. Үйгө барганыбызда өгөй атам “болду, сени урганды токтотобуз” деген, бирок жалган айтканы көрүнгөн. Бир аз убакыт өткөн соң зомбулук көрсөтүү кайра башталган. Бир
жолу шылтоо таап, мага катуу ачууланып, өгөй атам менен апам дөңгөлөктүн резинасынын камчыга окшош бөлүгү менен сабашкан. Денем ооруп, чоң-чоң көк алалар пайда болгон. 28-январда ата-энем менен базарга чыкканыбызда учурдан пайдаланып, таксиге отуруп Бишкекке качып кеттим”
,- деп айтып берди Назбийке.

Назбийкенин толук маегин жакын арада "Супер ТВдан" көрө аласыздар.

Назбийке: "Өгөй атам менен өз апам көк ала кылып сабады"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
mirana9395
2016-02-01 10:40:47
байкуш кыз журогум ооруп кетти.ата энен жазасын алышсые.а сага бактылуулук гана каалайм мындан кийинки жашооно.
+6
tabyshmak
2016-02-01 10:44:56
Огой го огойдугун кылат. Ал эми оз апасы эмне мынча ташбоор болду экен? Назбийке бой жетип эле калыптырсын. Жакшы жол менен оз жашоонду улантып, туура нук менен омур кечирууго аракет кылсан толук болот. Келечекте ыймандуу, боорукер, балага азап бербеген мээримдуу эне бол. Анткени, "коркокту кубалай берсен баатыр болот" деп коёт. Ташбоор ата-энендин сага жасаган мамилесин сен балдарына жасаба келечекте. Денендеги кок-алалар тууралу медиктерден жок дегенде кенеш сурап кой.
+7
nuri.kg777
2016-02-01 11:01:15
Байкушум ай, кандай таш боор эне.
+3
ayjamal83
2016-02-01 11:21:23
Назбийке,ата энене барба, бир кундо эле алар жакшы ата эне болуп кетпейт,балким кийин тушуноор,оз жолуну таап кет,бактылуу бол.
+4
karona
2016-02-01 11:32:52
Буйруса Назбийкеге жакшы куйоо туш болуп, туболукко бактылуу кылса экен. Жакшылыктан умут узбой алдыга карай умтула берсин. Жашоосунун "кара полосалары" бутуп, ак, жарык полосалары калган болсун.
+4
makemake1979
2016-02-01 11:40:05
Оз атасы кайда болду экен же?????
+2
Eli75
2016-02-01 11:45:19
Байкуш кыз,мынчалык кор болбосо. Апасына наалат,ушинтип да урабы. Ата-энесин жазага тарткан орган барбы бизде. Мындан ар жон койсо,бул кызды алар соо койбойт.
+2
Aza.08.03.05
2016-02-01 12:07:02
Байкуш десе оз кызын ушинтипда токмоктойбу эх кудайым озу колдосун сени!
+1
kama_future_millioner
2016-02-01 12:28:23
Кандай апа бул оз кызын сабаган кудай озу жазаласын мындайларды
0
nurzada78
2016-02-01 12:34:06
Атасы огой болсо,апасы озунон чыккан баланы кантип урганга колу барды!Кызын жаман болгондо да,энелик мээрим жол бербеш керек эле!Тооба кылам,кээ бир адамдардын ан-сезими томон болуп баратканына!
0
jankoy
2016-02-01 13:47:09
Озунун кызын бир эркекке алмаштырган аял экен да?
0
Yimannuru
2016-02-01 14:06:11
Кандай эне!акмак десе!аны да жазалаш керек!
0
Yimannuru
2016-02-01 14:07:12
Карыганда ошол эне жалгыз калат!ушул урган кызына мукурайт коросунор
0
begai93
2016-02-01 19:41:43
Колун сынгырлар! Огой атасы го мейли кызы экоо а апасына эмне жок деймда! Куйоосунун тилине кирген бир мал экенда! Бирок мал дагы баласын коргойт. Бул ташбоор темир окшойт
0
aruusha13
2016-02-01 22:21:54
кудай бар кудайдан тиле сени коруп журогум ооруп кетти жаратканым кыйынчылык кундун артынан созсуз бактылуулук тартуулайт....карангы тун канчалык узак болсода бари бир кун дуннуру менен тан атат дейтго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан