Нарын районунун Алыш айылына жаңы мектеп курулат

Нарын районунун Алыш айылына жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу ЖКнын депутаттарынын Нарын облусуна болгон иш сапары учурунда белгилүү болгонун ЖКнын басма сөз кызматы билдирет. Учурда аталган айылдын окуучулары тоо түбүндө жайгашкан мурдагы лагердин имаратына 3,5 чакырым жолду жөө басып барып окушууда. Эл өкүлдөрү 105 окуучусу бар бул айылга быйыл 160 орундуу жаңы мектеп курула тургандыгын билдиришти. Депутат Чыныбай Турсунбеков жайында курулушу баштала турган бул билим уясына 22 миллион сом бөлүнөрүн билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан