Ысык-Көл. Каракол шаарындагы сейил бакка 400 түп көчөт отургузулду

Бүгүн, 20-мартта Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Пушкин атындагы сейил бакка 400 түп көчөт отургузулду. Иш-чарага өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Асанакунов катышып, мындай иштер облустун бардык аймактарында өткөрүлө турганын белгиледи. Эскерте кетсек, 15 -мартта облус башчысынын буйругу менен айлана-чөйрөнү тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлык жарыяланган. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан