Асылбек Жээнбеков: “Нооруз – жакшы тилек, илгери үмүт, жаркын маанай майрамы”

Төрага Асылбек Жээнбеков кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо: “Урматтуу мекендештер! Сиздерди Нооруз – Жаңы күн – Жаңы жыл майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Нооруз – жакшы тилек, илгери үмүт, жаркын маанай майрамы. Өлкөнүн турмушунда көптөгөн саамалыктар жаралып, Кыргызстан коомдук-саясий өнүгүүнүн дагы бир баскычына көтөрүлгөнү турат. Биз бүгүн жаңы заман башатында турабыз, өзүбүздүн бакубат келечегибизди түптөп жатабыз. Эски жыл менен жаңы жыл тогошуп, күн менен түн теңелип турган Нооруз майрамында баарыңыздарга чың ден соолук, бардар турмуш, бакубат жашоо, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм. Келечегибиз кең, баарыбызга тең болсун”,- деп жазылган. Ошондой эле куттуктоо сөзүндө төрага кыргыз эли бардык кыйынчылыктарды жеңип чыгып, Кыргызстан телегейи тегиз өнүккөн мамлекеттердин көчүнө кошула турганына терең ишенерин билдирди.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан