Жалал-Абад. Шамалды-Сай шаарчасынын тургуну "Хизб-ут-Тахрир" уюмуна таандык буюмдарды милицияга тапшырды

18-март күнү Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаардык укук коргоо кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө учурунда "Хизб-ут-Тахрир" уюмунун мүчөсү деп шектелген жарандан бир топ буюмдар алынды. Атай кетсек, 40 жаштагы Шамалды-Сай шаарчасынын тургуну А.Б. аталган уюмга таандык 7 даана китеп,  2 даана диск, 4 даана дептерди милиция кызматкерлерине өткөрүп берген. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Жылдызбек Аттокуров маалымдады. Азыркы учурда бул факты боюнча тергөө аракеттери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан