Ош. "Кара-Суу" базарында иштегендер митингге чыгышты
Бүгүн, 20-мартта Ош облустук сотунун
имаратынын алдына "Кара-Суу" базарында иштеген соодагерелер митингге чыгышты.
Алардын айтымында, 2000-жылы аталган базарга жакын жайгашкан жерден 80 жаран 3,5 миң долларга контейнер сатып алышып иштеп келишкен. Алар жерди Кенже
Жээнбекова аттуу жарандан алгандыгын айтышууда. Маалым болгондой, былтыр сөз болуп жаткан жердин ээси ал аймакты башка жаранга
сатып жиберип, жердин жаңы кожоюну соодагерлер турган жерге башка мекеме курууну пландап жатат. Буга байланыштуу ал жерди бошотууну талап кылган. Бул көйгөйдү Кара-Суу
райондук соту карап, ишти соодагерлердин пайдасына чечип берген. Учурда ишти Ош облустук соту кароодо. 20-мартка белгиленген соттук отурум айыпталуучу Кенже
Жээнбекованын келбей калганына байланыштуу башка күнгө
жылдырылды.