Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен жакырчылык боюнча Тажикстан алдынкы орунда турат. Бул тууралуу БУУнун өнүктүрүү программасынын докладында жазылат. Тажикстанда калктын 23 пайызы аялуу катмар, 3,1 пайызы өтө жакыр, 6,6 пайызы чектен ашкан кедейлер деп белгиленет. Кыргызстанда жалпы калктын 9,2 пайызы аялуу катмар, 0,9 пайызы өтө жакыр, ал эми 6,2 пайызы чектен ашкан кедей. Ал эми Өзбекстан менен Казакстанда чектен ашкан кедейлер жок. Мисалы, Өзбекстанда калктын 8,1 пайызы аялуу катмарын түзсө, 0,1 пайызы өтө жакыр абалда. Казакстанда калктын аялуу катмары 5 пайызды түзсө, 0,1 пайызы өтө жакыр жашайт деп эсептелет.