Казакстан бийлиги коомдук жайларда кальян тартууга тыюу салды. Бул чечимди кабыл алууга аталган өлкөдө жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы түрткү болгон. Изилдөөдө кальян чегүү адам ден соолугу үчүн олуттуу зыян алып келе тургандыгы аныкталган. Кабыл алынган токтомго ылайык, казакстандыктар мындан ары кафе, ресторан, кинотеатр, калк жашаган турак жайлардын жанында, айтор, бардык коомдук жайларда аталган каражатты колдонуу укугунан ажырады.