Быйыл мектеп окуучулары арасындагы республикалык Олимпиада 23-мартта Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы кыргыз-түрк лицейинде башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалым болгондой, олимпиада 10 сабак боюнча өткөрүлөт. Алар: математика, информатика, физика, химия, биология, география, тарых, англис тили, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты. Ал эми Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө 25-мартта “Сейтек” жаштар борборунда кыргыз эстрада жылдыздарынын коштоосунда сыйлык тапшыруу аземи болот.