Тайырбек Сарпашев: “Балдардын билим алуусунан мамлекеттин келечеги көз каранды”
“Балдардын билим алуусунан мамлекеттин келечеги көз каранды”. Мындай билдирүүнү 20-мартта вице-премьер-министр Тайырбек
Сарпашев Чүй облусуна болгон иш сапарында “Таң Чолпону” балдарды чыгармачылык жактан коргоо борборунда айтты. “Биз ар бир балага сапаттуу билим берүүгө мүмкүнчүлүк түзүүгө милдеттүүбүз.
Мектепти бүткөн соң ар бир бала кыргыз, орус жана англис тилинде эркин сүйлөй
алуусу керек, ошондой эле компьютерди колдонууну билүүсү кажет”,- деди вице-премьер-министр.
Мекеменин
директору Асел Абдыкеримова билдиргендей, аталган борбордо Сокулук районундагы 4
жаштан 17 жашка чейинки 500 бала тарбияланат.