Бишкекте базарда иштегендер жана жаңы конуштардын калкы акысыз медициналык текшерүүдөн өтүшөт

Бишкекте ири базарлардын жумушчуларын жана жаңы конуштардын калкын акысыз медициналык текшерүү жүргүзүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 25-26-мартта базар жумушчулары, ал эми 27-марттан 5-апрелге чейин жаңы конуштардын жашоочулары текшерүүдөн өтө алышат. Текшерүү 2013-жыл-Иштерман жылынын алкагында жана Бишкек мэриясынын Саламаттыкты сактоо департаментинин буйругуна ылайык өткөрүлөт. Медициналык кароолорду үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда терапевт, педиатр, кардиолог, акушер-гинеколог, невролог, хирург, лор, уролог, эндокринолог, стоматолог, УЗИ дарыгери, лаборант адистеринин катышуусунда медициналык топтор жүргүзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан