"Нооруз мусулмандардын майрамы эмес". Мындай билдирүүнү бүгүн, 20-мартта Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Муфтият кабарлагандай, Нооруз майрамы отко, сууга, ташка сыйынган байыркы ирандыктардын майрамы. “Мухаммед пайгамбар Мединага келген убакта ал жердегилер жылына эки күндү майрам тутуп, ошол күндөрү шапар тээп, оюн-зоок курушар эле. Пайгамбарыбыз “бул кандай күндөр?” деп сураганда алар: “Ислам динине чейинки доордон бери эле бар бул майрам, бул күндөрү шапар тээп, көңүл ачабыз ”,- деп жооп беришкен. Аларга пайгамбарыбыз жооп катары мындай деген: “Алла Таала бул эки майрамдарды башка эки майрам менен алмаштырды. Алар Курман айт жана Орозо айт”,- деп айтылат муфтияттын билдирүүсүндө.