Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Жалал-Абад облусунун абалы менен таанышууда
КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов баштаган министрликтин адистери 20-мартта Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорун жана Жалал-Абад, Майлы-Суу шаарларын кыдырып чыкты. Анда министр табият кырсыктарынын алдын алуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышты. Маалымдалгандай, ӨКМ тарабынан берилген шашылыш эскертүүлөргө карата жергиликтүү бийликтин даярдыгы жана сел, суу ташкындарынын алдын алуу багытында көрүлгөн чаралар боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынмакчы.