Баткен шаарындагы “Өрүкзар” балдар бакчасында Нооруз майрамына карата сүмөлөк кайнатылууда. Аталган саамалык тууралуу шаардагы аялдар кеңешинин төрайымы Арзыкан Ормонова буларды билдирди. "Бүгүн биз кыргыз элинин жаңы жылы болгон Нооруз майрамына карата сүмөлөк кайнатуудабыз. Буюрса, сүмөлөгүбүз түнү менен кайнап, эртең менен даяр болуп калат. Бул түндү шаан-шөкөт, ыр менен өткөрөбүз".
Айта кетсек, 21-Март күнү даяр сүмөлөктү өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков ачып бермекчи.