Муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев облустук деңгээлдеги иш сапарын Ысык-Көл облусунан баштады. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. Андагы жыйынга облус казысы, мечит имамдары катышты. Муфтий өз сөзүндө мусулмандардын көйгөйлөрүнө көңүл бурбаган адам мусулмандарга жетекчи боло албастыгын айтып, апрель айында аттестация болорун, анда имамдык ишке жөндөмү жоктор кызматтан алынарын эскертти.