2010-жылы апрель айында дайынсыз жоголгон 16 жаштагы Илья Афанасьев аттуу жаран табылды. Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, ал 3 жыл мурун "Дордой" базарында өзү курактуу балдар менен таанышып, алардын "көп акча табасың" деген үгүттөөсү менен Талас облусуна кетип калган. "Ал жакка барган күндүн эртеси эле мени жылкы кайтарууга жиберишти. Жаман мамиле кылышып, кээде сабашчу. Үйдөн кетип калганыма аябай өкүндүм",- дейт ал. Бишкектин Свердлов РИИБи кызматкерлери жоголгон баланы Талас облусунун Көк-Ой айылынан табышкан. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.