Министр Эрлан Абдылдаев Нооруз майрамына карата Панфилов районундагы жатак-мектепке барды

20-мартта КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Нооруз майрамына карата Чүй облусунун Панфилов районундагы К.Тилебалиев атындагы жатак-мектепке барды. Аталган министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган иш-чарага министрден тышкары Украина, Орусия, Иран, Кытай, Азербайжан, Казакстан жана Түркия мамлекеттеринин дипломатиялык өкүлдөрү катышты. Жатак-мектеп менен таанышып чыккан соң министр ал жердеги тарбиялануучуларды жана кызматкерлерди Нооруз майрамы менен куттуктап, Кыргызстандын келечеги үчүн өсүп келе жаткан жаштардын ролу чоң экендигин айтты. Майрамга карата мектеп окуучулары өз өнөрлөрүн тартуулашып, чакан концерттик программа коюп беришти.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан