18-мартта Кара-Көл ШИИБинин жетекчиси Аркыт Нусубалиевдин буйругу менен Кара-Көл шаарындагы мектептерде 9-10-11-класстардын окуучулары үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Иш-чарага 1000 окуучу катышып, аларга жолдо жүрүүнүн эрежеси жана кылмыштуулук боюнча атайын лекциялар окулду. Ошондой эле укук коргоо кызматкерлери курал-жарактарды толук эмес чачуу жана чогултуу, кылмышкерди күч колдонуу менен кармоо эрежелерин иш жүзүндө көрсөтүп беришти. Иш-чаранын жогорку деңгээлде өткөнүн айтышып, окуучулар жакшы маанайда таркаганын маалымдайт Жалал-Абад ОИИБи.