20-мартта Нарын шаарындагы музыкалык академиялык драма театрынын кызматкерлерине өрт кырсыгынын алдын алуу боюнча атайын окуу өткөрүлдү. Райондук жана шаардык өрткө каршы күрөшүү кызматынын ага инспектору Самарбек Абдрахманов театр кызматкерлерине бул тууралуу түшүндүрмө берип, өрт коркунучу учурунда алгачкы көрүлүүчү чараларды кандай тартип менен көрүү керектигин маалымдады. Эске сала кетсек, аталган театрдын залы 546 кишиге ылайыкталган. Мекемеде 4 гана өрт өчүрүүчү каражат бар.