Нарын. Эл кредиттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө нааразы

Жогорку Кеңештин депутаттарынын Нарын облусуна болгон иш сапары учурунда жергиликтүү эл кредиттик уюмдардын насыя берүүдөгү үстөк пайызынын жогору болуп жатканын айтып даттанышты. Нарын шаарындагы жолугушуу учурунда депутат Өмүрбек Текебаев бул көйгөй боюнча маселе көтөрүп чыкканын, учурда ЖКда талкууланып жатканын айтты. “Бул маселе боюнча мыйзам долбоор даярдаганбыз. Анда сүткорлукту чектөө боюнча насыяга берилген акчанын пайызын 25-29 пайызга чейин төмөндөтүү, акчаны мөөнөтүнөн кечиктирип төккөн кардарлар үчүн кошулчу кошумча төлөмдөрдүн пайызын 20 пайызга азайтуу жагы каралууда. Учурда насыяга берилген акчаны кайтаруудагы кошулган акча 39 пайызды түзөт",- деди Өмүрбек Текебаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан