Алмазбек Атамбаев: “Биз Кыргызстанда гана бактылуу боло алабыз”

Биз Кыргызстанда гана бактылуу боло алабыз”. Мындай сөздү бүгүн, 21-мартта Бишкек шаарындагы Улуттук филармонияда Нооруз майрамына арналган концерттин ачылышында президент Алмазбек Атамбаев айтты. “Биз чөнтөктү толтуруу үчүн жашап жаткан жокпуз. Өлкөнүн жана балдарыбыздын келечеги бизден көз каранды. Элибиз жакырчылыкта жашабашы керек. Бизде өнүгүү үчүн бардык шарт бар, иштөө гана керек”,- деди өлкө башчы. Нооруз майрамын кыргыз эли чоң үмүт менен тосуп жаткандыгын айткан мамлекет жетекчиси мындай деди: “Нооруз майрамы өлкөбүзгө жаратмандыкты алып келсин. Жерибизде токчулук, молчулук болуп, ар бир үй-бүлөдө жарык маанай, бакыт-таалай уяласын. Жараткан Кыргызстанга тынчтык жана бейпилдик, элибизге ынтымак жана биримдик ыроолосун”. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан