Бүгүн,
21-мартта Нарын шаарынын борбордук базарынын аймагына жаңы курулган Он-Арча базарынын ачылышы болду. Бул тууралуу
шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Аталган базар жеке
ишкер Кылыч Эсеналиевдин демилгеси
менен курулуп, 140 орунга ылайыкталган. Маалыматка ылайык, курулуш иштерине 25 миллион
сом жумшалган. Базардын салтанаттуу ачылышына облус жетекчиси Канатбек Муратбеков, шаар мэри Баатырбек Жээналиев, шаардык
кеңештин депутаттары катышып, шаар тургундарына жакшы шарт түзүп берген демилгечилерге ыраазычылык билдиришти.