Журналист Турат Акимов өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугу үчүн тиешелүү мекемелерден чара көрүүнү суранды. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-февралда өткөргөн маалымат жыйындын жүрүшүндө билдирди.
"Президенттик аппараттын жетекчилеринен монитору менен 5-6 видеокамераны үйүмө жана анын тегерегине орнотуп, жумуш жайымдын терезелерине темир тор тагып берүүнү суранам. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен жан сакчы, ал эми Ички иштер министрлигинен курал алып жүрүүгө уруксат берүүнү суранам. Андан сырткары менин ишимди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине берүүнү суранам, анткени мага кол салган адамды ИИМ кызматкерлери таба алышпайт",- деди Акимов.
20-февралга караган түнү журналист Турат Акимовду үйүнүн жанынан белгисиз бирөөлөр сабап кетишкен. Журналист бул иштин артында ички иштер министри Мелис Турганбаев турарын айтууда.