Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 21-мартта президент Алмазбек Атамбаев жалпы кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады. 

"Урматтуу мекендештер!

Күжүрмөн элибиз жаздын камын көрүп, Кудайдан мол түшүмдү, тынчтыкты, ынтымакты, жакшылыкты тилеп турган учуру. Кудайдын колдоосу менен тилегибиз ишке ашсын, келе жаткан жылыбыз ырыс-кешиктүү болсун! Ноорузда биздин ата-бабаларыбыз бири-бирине бейпилдик жана жакшылык каалашчу. Алардын балдары жана неберелери бактылуу жашап, кайгы-капаны билбешин тилешчү. Эгерде биз бүгүн да, жүздөгөн, миңдеген жылдардан кийин ошол эле тилектерди тилеп отурсак, демек, ал ой-кыялдар канчалык тереңде",- деди өлкө башчы. Мамлекет жетекчиси кыргыз эли жакыр жашоого тийиш эмес экендигин айтып, мамлекет башындагы кызматкерлер өлкөнү гүлдөтүүгө аракет кылышы керектигин баса белгиледи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан