Бишкекте массалык мушташ болуп, бирок милиция кылмышка шектүүлөрдү жоопко тартпай жатканын жабырлануучу тараптын жакындары айтышты

Бишкек шаарынын эс алуучу жайларынын биринде болгон массалык мушташтан жабыр тарткан жарандардын туугандары 16-мартта маалымат жыйын өткөрүп, Октябрь РИИБинин кызматкерлери эч бир жыйынтыктуу иш жасабай жатканын айтып даттанышты. Алар акыйкаттыкты издеп, өлкө башчыга жана ИИМ жетекчисине кайрылуу жасашты.

Алардын айтымында, 2015-жылдын 23-декабрында Шабдан баатыр жана Дружба көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан эс алуучу жайдын кызматкерлери белгисиз 15 адам менен биргеликте С.Марат, Ж.Тилек, Ч.Нурсултан, А.Кутман аттуу 24-27 жаштагы жарандарды сабап, алар көптөгөн жаракаттары менен ооруканага жеткирилишкен. Окуя болгон жерге Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери келип, бирок аларга тийиштүү аймак эместигин айтып кетип калышкан. Мушташ эс алуучу жайдын сырттан байкоочу камерасына жазылып калган. Аталган факт боюнча Октябрь РИИБи кылмыш ишин козгоп, фактыга шектүү катары бир адамды кармашкан.

"Видеоматериалда бир эмес, 10го жакын балдар сабагандыгы көрүнүп турат. Эмнеге калган балдардын өздүгүн аныктап, аларды жоопко тартышпайт? Бизде акыйкаттык барбы?"- деп айтышты жабырлануучу тараптын жакындары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Medina87
2016-03-16 12:52:40
Массалык мушташ болсо ИИМ неге конул бурбайт????
0
mirlan15
2016-03-16 16:31:51
Акча!
-2
Paul
2016-03-19 01:28:48
Тиги 4 балада косяк бар да, конечно!! Жондон жон эле уруп сабашып эмне келесообу булар??!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан