Баткен облусунда “мыкаачылык менен өлтүрүп, сөөгүн көлмөгө таштап койгон” деп шектелген жаран 2 айга камакка алынды. Ал эми ага көмөктөшкөн шеригинин иши боюнча кылмыш ишинин тергөөсү улантылууда. Бул тууралуу 24-март күнү Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын январь айында Кызыл-Бел аймагында 40 жаштагы Х.А., 33 жаштагы К.Б. жана алардын 31 жаштагы айылдашы Н.С. спирт ичимдигин ичип отурушканда ортодон уруш чыккан. Мас абалдагы Х.А. аттуу жаран Н.С. аттуу досун темир менен бир нече жолу уруп, оор жаракаттардан улам ал окуя болгон жерден каза болуп калган. Изин жашыруу максатында Х.А. жана К.Б. маркумдун денесин чуңкурга көмүп салышкан. Эки күндөн кийин кайра келип сөөктү алып чыгып, башына таштар салынган баштыкты байлап, Котур-Көл көлмөсүнө чөктүрүп жиберишкен.
Бул факт боюнча кылмышка шектүү Х.А. 15-март күнү кармалып, ага карата “өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал эми анын шериги 22-март күнү Совет айылынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Баткен райондук сотунун чечими менен кылмышка шектүү деп табылган Х.А. 2 айга камакка алынды. Учурда бул кылмышка шектүүлөрдүн иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.