Ысык-Ата районундагы үйлөрдүн биринен 3 аялдын өлүгү табылды, алардын бири кош бойлуу болгон. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 24-мартта SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинен тастыкташты.
Маалыматка ылайык, саат 09:30 чамасында милиция кызматына "Киргшёлк айылындагы үйлөрдүн биринен европа улутундагы 3 аялдын өлүгү табылды" деген маалымат түшкөн. Маркумдардын экөөсү бир тууган экени маалым болду.
Бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. Алдын ала маалыматтарга ылайык, 64, 54 жана 24 жаштагы кош бойлуу айым киши колдуу болгон.