Каныбек Осмоналиев: "Каракол шаарындагы драма театрга академиялык деген статус берүү керек"

Бүгүнкү, 28-марттагы ЖКнын жыйынында депутат Каныбек Осмоналиев Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы драма театрга 20 жыл ичинде эч ким көңүл бурбагандыгын айтты. Ал ошондой эле театрга академиялык деген статус берүүнү сунуштады. “Бардык театрларда академиялык деген статус бар, бир гана ушул театрга берилбептир. Бул макам берилсе ал жерде иштегендерге чоң дем күч болот эле”,- деди эл өкүлү. Чолпон-Ата шаарындагы Маданият үйүнүн абалына кейиген Осмоналиев буларды айтты: “Эс алуучулар чалкалап эле көлдө жата беришпейт да, маданий жайларыбызга да көңүл буруу керек. Ушул маселени карап берүүңүздөрдү өтүнөм”,- деп өкмөттүн ЖКдагы өкүлүнө кайрылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан