Депутаттар экс-министр Равшан Сабировго карата чыккан сот чечими туура эмес экенин айтышты

Парламенттин 28-марттагы жыйынында депутат Малик Осмонов мурунку Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировду 5 жылга эркинен ажыратуу туура эмес болгонун айтты. Сабировду мурунтан тааный турганын билдирген депутат, "мен анын мындай ишке барышына ишенбейм. Пара менен министр эмес, анын жардамчысы кармалды. Министр 5 жылга, анын жардамчысы 3 жылга кесилди. Муну кайрадан карап чыгыш керек, мүмкүн, буга президент көңүл бурушу керектир. Анын артынан көтөрүлүп чыгып, митинг уюштура турган адамдары жок" деди. Эске сала кетсек, Равшан Сабиров 7-март күнү Бишкек шаардык соту тарабынан 5 жылга эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан