ЖКнын 28-марттагы жыйынында “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Демилгечи депутат Айнуру Алтыбаеванын айтымында, ушу тапта мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин сынагынан өткөн статс-катчылыкка талапкерлердин кызмат ордуна дайындалышында кыйынчылыктар жаралып жатат. Ага ал ишке орношуп жаткан мекеменин жетекчисинин макулдугу керек. Негизи, статс-катчы мекеме жетекчисинен көз каранды болбошу зарыл. Ошондон улам ал талап алынып салынууда. Бир катар депутаттар статс-катчыларды кызматка дайындоодо мекеме жетекчисинин макулдугу керек деген пикирлерин билдирди. Анткени, жетекчи өз ыйгарым укуктарына ылайык, бардык ишке, анын ичинде статс-катчынын да ишине жооп берет. Ал эми мамлекеттик кызмат боюнча кеңеш эч нерсеге жооп бербейт, ошондуктан мекеме жетекчисинин макулдугу болушу керек. Жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.