Чүй облусуна караштуу Кемин шаарында 24 жаштагы кызды зордуктоого шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Кемин шаарынын 24 жаштагы К.М. аттуу тургуну кайрылган. Ал 14-апрелде саат 23:00 чамасында анын эки чала таанышы күч колдонуу менен иштебеген май куюучу жайга алып барып зордуктап койгонун билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 28 жаштагы А.А. жана Ж.Д. аттуу жергиликтүү тургундар кармалышкан. Учурда "зордуктоо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө улантылууда.