Чек арадагы "Кайыңды-темир жол" өткөрүү бекетинде машыгуу болуп өттү

27-мартта кыргыз-казак чек арасындагы “Кайыңды-темир жол” өткөрүү бекетинде “Өткөрүү бекеттериндеги чыр-чатактарды чектөө” аттуу машыгуу болуп өттү. Анын башкы максаты – өткөрүү бекеттеринде ишмердүүлүк жүргүзгөн мекемелердин иш жүргүзүүсүн жакшыртуу болуп саналат. Машыгууга аталган бекеттин өздүк курамы, ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери катышты. Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Таалайбек Усубалиев иш-чаранын жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, мындай машыгуулар аба майданында да өткөрүлө тургандыгын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан