Медицина тармагында иштеген аскерлерге учакта медициналык жардам көрсөтүү жолдору тааныштырылды

"Манас" аэропортундагы АКШнын Транзиттик Борборунун аскер кызматкерлери Кыргызстандын медицина тармагында кызмат көрсөткөн аскерлерди абада медициналык эвакуацияны ишке ашыруу процесси менен тааныштырды.

24-мартта болгон иш-чара учакта стрессти пайда кылуучу факторлор тууралуу маалымат берүү менен башталып, оор кырдаалга туш болгон адамдарга аба мейкиндигинде дарылоо жүргүзүүнү жана эвакуациялоого даярдоону практикалык жүзүндө көрсөтүү менен уланды. "Биз буга чейин учактан же вертолёттон эвакуациялоону тажрыйбада кездешпегендиктен, бул көрсөтмө абдан кызыктуу болду биз үчүн",- деди Бишкек шаарынын аскердик госпиталынын башчысынын жардамчысы Абакир Абдурахманов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан