Ленин чокусуна чыккан альпинисттер депутаттарга Кыргызстандын желегин тапшырды

2008-жылы кыргыз-тажик чек ара аймагында жайгашкан Ленин чокусуна чыккан альпинисттер 28-мартта ЖКдагы "Ата Журт” фракциясынын депутаттарына өлкө желегин тапшырды. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Эркин Туралиев 2008-жылы Кыргызстан, Орусия, Кытай альпинисттеринен турган экспедицияны жетектеп барып, алар Памир тоосунун эң бийик чокусун багындырган. Үч өлкө өкүлдөрү өз мамлекеттеринин желегин алып чыгышкан. Эркин Туралиев депутаттарга тоолуу туристтик аймактардын чет өлкөлүк ишкерлерге сатылып жатканын териштирүү өтүнүчүн билдирди. Анын айтымында, башка мамлекеттердин жарандары туристтик аймактарды сатып алып, бул тармактан түшкөн киреше өлкөдөн сыртка чыгып кетүүдө. “Ленин чокусуна чыга турган жападан жалгыз жол Кыргызстандын аймагында жайгашкан. Бирок ал чет өлкөлүктөрдүн колунда турат”, - дейт ал. Фракция мүчөлөрү абалды иликтеп чыгууга убада берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан