Муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевдин буйругу менен дин кызматкерлеринин аттестациядан өтүүсү бүгүн, 29-мартта муфтияттын өзүнөн башталат. Аттестацияда дин кызматкерлеринин диний билими гана текшерилбестен, кесиптик деңгээли дагы аныкталып, ага баа берилет. Иш-чаранын негизги максаты – диний кызматкерлердин деңгээлине мониторинг жүргүзүп, жалпы анализ жасоо болуп саналат. Ал эми жалпы республика боюнча мындай иш-чара
1-апрелден 10-майга чейин атайын түзүлгөн тартиптин негизинде жүргүзүлөт.