"Ата журтчу" депутаттардын тарапташтары менен жактоочуларын сот залына киргизбөө аракети болду

Депутаттар Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов боюнча өтүүчү бүгүнкү сот иши башталарда журналисттерди, депутаттардын туугандарын жана жактоочуларды киргизбөөгө аракет болду. Ал эми айыпталуучу Кубатбек Кожоналиевдин жактоочусу Азиза Абдырасулова бул иш чагымчылдык экенин билдирди. "Жактоочуларды киргизбеген соң, мамлекеттик айыптоочуларды дагы киргизбеш керек болчу. Негизи эле бул иште чагымчылдык болгону байкалып турат. Милиция кызматкерлери төрагалык кылуучу судьянын ролун аткарып жатышат. Себеби соттон башка эч ким сот процессине катышууга бөгөт коё албайт",- деди ал. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан