Камчыбек Ташиев: "Президенттен кечирим сурасаң коё беребиз дешти, бирок мен сураган жокмун"
Бүгүн, 29-мартта "ата журтчу" 3 депутат боюнча сот жыйыны өтүүдө. Анда айыпталуучу депутат Камчыбек Ташиев акыркы сөздө өз пикирин айтты. "Биздин үстүбүздөн жүргүзүлгөн сот процесси аягына чыгууда. Бул сот
процесси саясий иш, убакыттын өтүшү менен куугунтук жасоону уюштургандар жооп беришет. Мага болбосо да балдардын, урпактардын алдында жооп беришет. Бизди коркута алган жоксуңар, кыргыз үчүн бардык
кыйынчылыкка чыдап каршы турарыбызды унутпагыла. Бийликти күч менен
басып алууга болгон аракетибизди аныктап, документтүү далилдерди келтирүү мамлекеттик
айыптоочулардын негизги иши болчу, бирок эч кандай далил болгон жок. Эл, жер, мамлекет деп жүрүп абакта отурабыз. Элибизди, туугандарыбызды кыйнадык. Биз эркиндикке чыгуу үчүн мамлекеттин кызыкчылыгын саткан жокпуз. Менин жалынып-жалбарып кечирим суроомду күтүп турушту, мамлекет башчысынан кечирим сурасаңар коё беребиз дешти, бирок мен кечирим сураган жокмун",- деди ал.