Садыр Жапаров: "Биз "эл ууланган суу ичип жатса, унчукпай отура берели" деп ант берген эмеспиз"

Бүгүн, 29-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда депутаттар Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровго карата козголгон кылмыш иши боюнча кезектеги соттук отурум өтүүдө. Анда депутат Садыр Жапаров акыркы сөзүн сүйлөп, “Кумтөр” маселеси боюнча билдирүү жасады. “Кыш чилдесинде Нарын дарыясы капкара болуп, 2-3 метрге көтөрүлдү. Нарын облусунун башчысы "Кумтөр" экологияга зыян келтиргени үчүн акча сурап жатабыз деп айтууда. Бул эмне деген маңкурттук, элдин ден соолугун ким ойлойт”,- деди ал. Ошондой эле Садыр Жапаров кесиптеши Камчыбек Ташиевдин митингдеги аракетин парламенттин көңүлүн "Кумтөргө" буруу катары эсептей турганын айтты."Бизге "элине берген антты бузду" деген да күнөө коюлууда. Ооба, ант бергенбиз, бирок биз "эл ууланган суу ичип жатса, элибизге зыян келип жатса унчукпай отура беребиз" деп ант берген эмеспиз. Бул "Кумтөрдүн" айынан бийлик тарабынан бизге болгон саясий кысым. Экологияны, кен байлыкты кеч болуп кала элегинде сактап калалы. Ошол себептен бизди актап берүүңүздү өтүнөм",- деди Жапаров. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан