18-марттан 23-мартка чейин УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына 75 адам кайрылганын аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары боюнча 16, укук коргоо органдарынын иши боюнча 11, Билим берүү жана илим, Саламаттыкты сактоо министрлигине байланыштуу 11, Энергетика тармагы боюнча 4, сот системи боюнча 3, фискалдык органдардын иши боюнча 1, башка маселелер боюнча 29 кайрылуу болгон. Айта кетсек, 2013-жылдын февраль айынан тартып өлкөдөгү бардык облус борборлорунда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын коомдук кабылдамалары ачылган.