Биринчи Май райондук сотунун имаратынын алдында депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун тарапташтары чогулушуп, аларга колдоо көрсөтүп турушат. Алар бүгүн чыга турган сот өкүмүн күтүшүүдө. Колдорунда “Депутаттар акталсын”, “Эл уулдарына боштондук” сыяктуу жазуулары бар плакаттары бар.