Төрага Асылбек Жээнбеков 28-29-март күндөрү Ош облусундагы Кара-Кулжа районунда иш сапары менен болду. Анда төрага Тоготой, Кара-Кочкор, Чалма айылдарында болуп, жергиликтүү калктын турмушу, жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ал жол көйгөйүнө кайрылып, 20 жылдын ичинде Кара-Кулжа аймагында 3 чакырым гана жол курулса, акыркы эки жыл аралыгында эле 10 чакырымдай жол кайрадан оңдолуп, асфальт төшөлгөнүн белгиледи. Айтымында, мындан ары ар бир районго милдеттүү түрдө жол тазалоочу техникалар бекитилип бериле баштайт. Жолугушуу жүрүшүндө жергиликтүү тургундар калкты таза суу менен камсыздоо, сугат суу топтомдорун жакшыртуу, электр жарыгын өчүрүүлөрдү токтотуу, дыйкандарды сапаттуу үрөн жана жер семирткич, арзан күйүүчү май, жеңилдетилген насыялар менен камсыз кылуу сыяктуу көйгөйлөрдү айтышты. Төрага айтылган маселелердин аткарылышы парламенттин көзөмөлүндө болорун билдирди.