Кыргызстанда 2011-жылга салыштырмалуу 2012-жылы кар көчкүлөрү 4 эсе көп катталган. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбеков билдирди. Белгилей кетсек, 2012-жылы жалпы республика боюнча 98 кар көчкү түшкөн. Ошондой эле унаа жолдоруна түшүү коркунучу бар көчкүлөрдү атып түшүрүүгө 10 артиллериялык курал колдонулган. Жалпы 763 атуу жүргүзүлүп, натыйжада 56 кар көчкү жок кылынган.