"Ата журтчу" депутаттардын тарапташтары судьянын сыртка чыгышын талап кылышууда
Биринчи Май райондук сотунун имаратынын алдындагы "ата журтчу" депутаттардын тарапташтары судьянын сыртка чыгышын талап кылышууда. Ошондой эле алардын катарына Нурлан Мотуев келип кошулду. Ал да соттун калыс чечим чыгаруусун талап кыла тургандыгын билдирди. "Сот калыс чечимин чыгарсын. Камалып жаткан депутаттар боштондукка чыгышы керек",- деди Мотуев. Учурда сот имаратынын алдында 150дөй адам бар. Тартип сакчылары кырдаалды көзөмөлдөп, алардын катарында Бишкек ШИИБинин башчысы Мелис Турганбаев да турат.