29-март күнү КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөн "Азиядагы кызматташтык боюнча диалог" форумунун 11-жыйынына катышты. Бул иш-чаранын алкагында министр Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Сүйлөшүүдө тараптар кыргыз-тажик жана аймактык кызматташтыктын учурдагы жана келечектеги актуалдуу маселелерин талкуулашты. Жыйынтыгында министр Эрлан Абдылдаев президент Алмазбек Атамбаевдин атынан Рахмонду Кыргызстанга атайын чакыруу менен келип, ШКУнун саммитине катышып кетүүгө чакырды. Тажик президенти ыраазычылык билдирүү менен чакырууну кабыл алды.