Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Алмалуу-Булак айылында бүгүн, 28-апрелде саат 10:00 чамасында жер көчкү жүрдү. Жер көчкү бир үйдү басып калганын окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
"Жер көчкү 1 үйдү, трансформаторду, ошондой эле электр мамыларын басып калды. Андан сырткары зыянга учураган үйдүн ээлери үйүнө кире албай калышты", - деп билдирди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.